МАКСАТЫ

Өркүндөтүлгөн алгоритмдерди жана программалык продуктыларды иштеп чыга ала турган, маалыматтык технологиялардын негиздери боюнча универсалдуу компетенцияларга ээ, программалоо ыкмаларын долбоорлоо, сыноо, ишке ашыруу жана колдоо, жоопкерчиликти ала алган, патриоттук, баарлашууга ачык, толеранттуу жана эмгек рыногунун функционалдык кубаттуулугуна салым кошо ала турган адистерди даярдоо

ПРОГРАММА МААЛЫМАТЫ

Магистрдик программа компьютердик инженериянын бардык тармактарында компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Бул кабыл алынган студенттерге окуу жаатындагы ар түрдүү предметтердин биринде эксперт болууга мүмкүнчүлүк берет. Программа компьютердик инженерия, компьютер илими, программалык камсыздоо инженериясы, маалымат инженериясы, электроника жана байланыш инженериясы, электр жана электроника инженериясы, телекоммуникация инженериясы, башкаруу инженериясы, электротехника, математикалык инженерия, колдонмо математика жана информатика, мехатроника жана башка программалык камсыздоо инженериясына жакын тармактарда бакалавры бар студенттер үчүн магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

Магистратура программасын аткарууда 3 окуу кабинети, семинар залы, жакшы жабдылган компьютердик лабораториялар бар. Курстук жана илимий китептерге, мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга, окуу бөлмөлөрүнө жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөткөн борбордук китепканага жетүүнү камсыз кылган интернет инфраструктурасы бар.

Магистрдик билимди учурда 6 штаттык окутуучу, анын ичинде 1 профессор, илимдин доктору, 4 доцент, 1 илимдин доктору сабактарды берет. Факультеттин кээ бир окутуучулары докторлук даражасын чет өлкөлөрдө жактап келген. Факультеттин бардык профессордук-окутуучулар курамы чет мамлекеттердеги илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий иш-чараларга катышат. Биздин бөлүмгө Түркиянын абройлуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган компьютердик инженериянын ар кайсы тармагына адистешкен окутуучуларды дайындоого болот. Керек болгон зарыл учурларда Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда иштеген белгилүү окутуучуларды дагы ал курстарды өткөрүү мүмкүнчүлүктрөрү каралган.

Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен студент алмашуу программалары жана кош дипломду берүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары менен Түркия баш болгон көптөгөн өлкөнүн университеттеринде бекер окуу мүмкүнчүлүгү бар. Магистрдик программа жаңы илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.

Магистратура профессионалдык иштин төмөнкү түрлөрүн даярдайт: дизайн, өндүрүштүк жана технологиялык, уюштуруучулук жана башкаруучулук, аналитикалык, изилдөө жана педагогикалык багыттар боюнча.

Ал эми магистратурада изилдөөлөргө программалык камсыздоо инженериясы, жасалма интеллект, машина үйрөнүү, компьютердик көрүү жана сүрөттөрдү иштетүү, табигый тилди иштетүү, компьютердик тармактар, робототехника, параллелдүү жана бөлүштүрүлгөн системалар, булут технологиялары жана чоң маалыматтарды иштетүү багыттары кирет.